КАН (суюк ткань)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:54, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН – жаныбар ж-а адамдын кан жүрүү систе­масында тынымсыз айлануучу, клеткалардын жашоосу үчүн түркүн кызматтардын аткары­луусун камсыз кылган суюк ткань. Ал кычкыл­текти дем алуу органдарынан ткандарга, кан­дан көмүр кычкыл газын дем алуу органдары­на, азык-заттарды (глюкоза, амин кислотасы, май кислотасы, туз ж. б.) тамак сиңирүү органдарынан тканга, зат алмашуунун акыркы (керексиз) про­дуктуларын бөлүп чыгаруу органдарына та­шыйт. Ошондой эле гормон, ферменттерди иштелип чыккан жеринен активдүү таасир этүүчү жерге жеткирет. Организмдердин ички чөйрөсүнүн, дене температурасынын туруктуулугун сактайт ж-а курамында антитело, антитоксин, лизиндин болушу ж-а ак кан денечелеринин микробду сиңирүүсүнүн натыйжасында коргонуу кызма­тын аткарат. Бир клеткалууларда ж-а көпчүлүк омурткасыздарда кычкылтек диффузия аркылуу денеге өтөт. Омурткасыздарда кан дем алуу пигментине жараша түссүз, көк ж-а кызыл бо­лот. Омурткалуулардын каны кызыл болуп, плаз­ма, эритроцит, тромбоциттен турат. Ар түрдүү жаныбарда кандын өлчөмү ар башка. Мисалы, тиш­сиз моллюскалардын гемолимфасы денесинин 30%ин, курт-кумурскалардыкы 20%ин, омурт­калуулардыкы 2–8%ин, адам денесинин 6,8%ин түзөт. Кандын 55%и суюк бөлүктөн – плазма­дан ж-а 43% андагы формалуу элементтерден турат. Кандын курамындагы элементтердин ту­руктуулугун нерв-гумордук механизмдер жөнгө салып турат. Организмдеги ар кандай өзгөрүү­лөрдү кан сезет. Анын курамынын өзгөрүшү бир катар ооруларга диагноз коюуда мааниси чоң. К а н п л а з м а с ы н ы н 90%и тамак сиңирүү системасынан келген суу, 7–8%и белок ж-а ар түрдүү туздардан турат. Плазмада, ошондой эле азык­-заттар (углевод, май ж. б.), витаминдер, гор­мондор, ферменттер ж. б. бар. Кандын форма­луу элементтери – эритроциттер, лейкоциттер ж-а тромбоциттер. Э р и т р о ц и т т е р – кызыл кан клеткалары. Организм м-н чөйрө ортосунда газ алмашууну, башкача айтканда организмдин дем алуусун ишке ашырат. Аларда темирлүү пиг­мент гемоглобин болуп, ал канга кызыл түс бе­рет. Гемоглобин молекуласы белок – глобинден ж-а темири бар топ гемден турат. Дени сак орга­низмде 1 мкл канда 4–5 млн эритроцит болот. Анын санынын өтө азайышы, түзүлүшүнүн өзгөрүшү, гемоглобиндин төмөндөшү аз кандуу­луктун мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Л е й к о ц и т т е р – ак кан клеткалары. Алар активдүү кыймылда болуп, кан агымынан чы­гып, клетка арасында жылып жүрө алат. Де­неге бөтөн зат киргенде же ал жабыркаганда, лейкоциттер майда кан тамыр клеткаларынан чыгып, жабыркаган жерди көздөй жылып, кор­гоо кызматын аткарат. Лейкоциттин саны ар бир кишиде 1 мкл канда 4000–9000ге жетет. Ан­дан ашып кетсе – лейкоцитоз, азайса лейкопе­ния деп аталат. Т р о м б о ц и т т е р – кан пластинкалары, ядросуз түзүлүш. Анын кан агууну токтотууда мааниси чоң. Кырсыкка учу­раган жерде кан уюп, акпай калат. Кан агууда, операциядан кийин коргонуу реакциясы ката­ры тромбоциттердин саны көбөйөт. Кээ бир да­рыны көтөрө албаганда, химиялык зат м-н уулан­ганда, тромбоциттердин саны азайышы мүмкүн. Мындай учурда кан агууну токтотуу кыйын­дайт.

Ад.: Чижевский А. Л. Структурный анализ дви­жущейся крови. М. 1959; Семенов Н. В. Биохими­ческие компоненты и константы жидких сред и тканей человека. М., 1971; Власов Ю. А., Окунева Г. Н. Кро­вообращение и газообмен человека. 2-е изд. Новосиб., 1992.

А. Раимжанов.