ВЫГЛАЗОВ
ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, СССР, Батыш Сибирь крайы, Сузун району, Шайдаров кыштагы – 16. 05.1942, РСФСР, Крым АССРи, Ленин району, Баксы (башка маалыматта Глазовка) кыштагы) – Советтер Союзунун Баатыры (22. 03. 1944). Советтик Армиянын катарына Ош облусунун Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан 1939-жылы чакырылган.


Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк Кавказ фронт штабынын чалгындоо бөлүмүнүн парашют батальонунда бөлүмдүн командири. Керчь жарым аралындагы салгылаштарга катышып, ошол жердеги Глазовка кыштагына жакын согушта душмандын 3 танкасын экипажы менен талкалап, 20 фашистти жок кылып, советтик аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор Г. И. Выглазов ошол чабуулда курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.