КАРАТОКО (бийик тоолуу аймак, кооз жер)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРАТОКО 1 to КАРАТОКО (бийик тоолуу аймак, кооз жер)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТОКО – Чаткал кырка тоосунун түндүк-чы­гышында, Чаткал суусунун баш жагында жай­гашкан бийик тоолуу аймак, кооз жер. Кара­токо суусунун алабын бүт ээлейт. Эң жапыз жери – Чаткал суусунун бою, Каратоко суусунун чаты (2380 м, Жер-Көпүрө), эң бийик жери 4200– 4367 м (Чаткал кырка тоосунун кыры). Айма­гына капчыгай, тепши сымал өрөөн, төр, ар түрдүү багыттагы тоо, аска, эшилме корум таш­тар, кар мөңгүлүү чокулар ж. б. мүнөздүү. Ай­мактын алгачкы турпаты палеозой заманында, өзгөчө герцинде пайда болгон. Акиташ тектери басымдуу. Фергана – Ат-Ойнок тектоникалык айма­гына кирет. 1946-жылы катуу жер титирөө болгон. Мында мөңгүдөн пайда болгон 20дай майда,

Каратоко капчыгайындагы ландшафт.

бийик тоо көлү бар. Айрымдары агымы жок туюк көрүнөт. Алар суу байламталарынын ара­сы м-н сарыгып агат. Эң ириси Каратоко (Дуба­на) көлү, анын аянты 1,1 км2, көлөмү 49 млн м3; 2876 м бийикте жайгашкан. Түркүн чөптүү та­лаа, шалбаалуу талааларда бетеге, ак кылкан, шыбак, дүйүм чөп ж. б. өсөт. Каратоко суусунун өрөөнүндө, капчыгайларда көк карагай, арча (тоо боорунда жапалак арча), кайың, ар түрдүү бадал басымдуу. Бийик тоолуу бөлүгүндө суб­альп, альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Каратоконун черлери, айрым көлдөрү, тоо ландшафттары ажайып кооз, корук болууга ылайык. Адабияттарда Кара- Теке деп да аталат. Бул жерге жылыга көп ту­рист келип турат.