КАРАГАТ
КАРАГАТ (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдактар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, даамы кычкыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө карагатттын жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорунда көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары – кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.),

сары карагат (R. aureum Purch.). Кыргызстанда негизинен кара ж-а кызыл карагат өстүрүлөт. К а р а карагат мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% кислоталар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азоттуу заттар, 100–400 мг% С витамини, 500 мг% ке чейин Р витамини, ошондой эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм жыйналат. Карагаттын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө карагаттын Алтай десерти деген сорту райондоштурулган. Кызыл карагаттын мөмөсүндө 4–10% кант, 2–4%и лимон кислотасы, С витамини (30 мг%ке чейин), бир аз Р витамини, ошондой эле өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: карагат таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдеттери: антракноз, дат ж. б.
Ад.: Поздняков А. Д. Смородина. М., 1985.