КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ
КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ Казакстан Республикасындагы административдик-аймактык бирдик. Облус 1932-жылы 10-мартта уюшулган. Аянты 428,0 миң км2. Калкы 1 135,3 миң (2024). Облустун курамында 9 район, 11
шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды шаары. Облус Казак Сары-Аркасынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор м-н дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр (Караганды көмүр бассейни), темир, корунд, акиташ, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары ж. б. бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –16... –17°С, июлдуку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, тоолуу аймактарында 300–400 мм. Ири дарыялары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил ж. б. Иртыш –Караганды каналы (узундугу 500 км) курулган. Майда туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң ж-а күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде ж. б.), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыргай ж. б.) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку ж. б. тоолорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бойлорунда тал, шилби кезигет.
Облустун калкы Казакстандын калкынын 9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), ошондой эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус (1,5%), татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарлары: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск. Краганды облусу 2001-жылы Казакстанда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 10,1%ин өндүргөн. Көмүр казып алуу (Караганды, Шубар-Көл), энергетика (Абай, Караганды, Темир-Тоо), химиялык, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Андан тышкары көмүр коксталат. Кара (Кара-Жал, Кен-Төбө, Соколов-Сарыбай), түстүү (Жамбыл; вольфрам, молибден) ж-а сейрек кездешүүчү металлдарды (Карагайлы, Жогорку Кайракты) иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу (Ак-Тоо, Темир-Тоо) заводдор иштейт. 2001-жылы 10,8 млрд кВт.саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Балкашта балык кармалып, беленделет. Айыл чарбага жарактуу жери 34257,1 миң га, анын ичинде айдоо аянты 1062,2 миң га, чабынды 389,6 миң га, жайыт 31724,9 миң га жерди түзөт. Негизинен дан эгиндери (күздүк, жаздык), ошондой эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, күн карама, көп жылдык бак-дарактар өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы уй, кой, жылкы, чочко асыралып, үй куштары багылат. Облустун аймагы аркылуу Павлодар – Чымкент нефть түтүгү өтөт. Облуста жалпы билим берүүчү 624 мамлекеттик мектеп, 17 ЖОЖ (анын ичинде университет, техникалык университеттер, эмгек гигиенасы м-н кесиптик оорулар ж-а түстүү металлургия институттары ж. б.), коллеждер, китепканалар, театрлар (анын ичинде орус, казак, немис драма), филармония, музейлер, цирк бар.
Ад.: Региональный статистический ежегодник Казакстана. А., 2001; Регионы Казакстана, А., 2002; Караганды облусу//Казакстан Улттык энциклопедиясы. 5-т. Алматы, 2003.