КИНОМЕКТЕП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОМЕКТЕПкинематография боюнча жогор­ку билимдүү адистерди даярдоочу окуу жайы. 1993-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун алдында кино жана телекөр­сөтүүнүн жогорку мектеби ачылган. Директору – К. Акматалиев болгон. Кыргызстанда айрым тажрыйбалуу киночулардын да мезгил-мезгили менен аракет­тенүүчү киномектептери бар, мисалы, режиссёр Э. Абдыжапа­ровдун киномектеби.