КИНГСТОН-АПОН-ХАЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТОН-АПО́Н-ХАЛЛ , Х а л л, Г у л л ь – Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; унитардык түзүлүш статусуна ээ (1996). Калкы 261,0 миң (2009). Лондон менен темир жол аркылуу түздөн-түз Ливерпуль, Манчестер, Лидс жана башка ири шаарлар менен автомагистралдар аркылуу, Хамбер дарыясындагы көпүрө менен Англия­нын түштүгүндөгү шаарлар менен байланышат. Ири деңиз порту (2005-жылы 13,4 млн тонна жүк ташыл­ган). Роттердам (Нидерланд) жана Зебрюгге (Бель­гия) шаарлары менен үзгүлтүксүз паром аркылуу байла­нышат. Эл аралык аэропорттору (Хамберсайд, шаардан 32 км; Робин Гуд, 77 км) бар. Шаар­дын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн турган­дыктан, суу каптоого (2007, турак үйлөрдүн 20%и) учурап турат. XII кылымдын аягында кечил­дер негиздеген. XX кылымда ири деңиз соода борбору жана дүйнөдөгү балык кармоочу ири порттордун бири. Готика стилиндеги Ыйык Троица чиркөөсү (1300), чеп-цитадель (1514), шаардык грамма­тика мектеби (1583), Уильям IIIнүн монументи (1734) сакталган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Жыгаччылык, тамак-­аш (ун, май) өнөр жайлары, «British Petroleum» (уксус кислотасы, ацетон, этилацетат жана башкалар), «Smith & Nephew» (медициналык технология жана башка материалдар, ортопедия техникалары), «Seven Seas» [азык­-түлүк, балык (тресканын боорунан) майы жана анын негизинде витаминдер] жана башка ишканала­ры иштеп, лак, сыр, туристтер үчүн авточир­кегич жана карапа буюмдары чыгарылат. Университеттер (анын ичинде медициналык коллеж), музейлер (анын ичинде тарых, транспорт, деңиз жана башкалар), сүрөт галереясы (1927), англис филантроп У. Уилберфорстун үйү (2007- жылдан музей), 3 ири театр, дүйнөдөгү жана Евро­падагы эң ири океанариум бар. Жыл сайын жар­маңкелер жана фестивалдар (адабият, деңиз, рок музы­ка жана комедия жанрлары боюнча) өткөрүлүп турат.