КИЛЕМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛЕМ – түр салып кооздоп токулган, бир жак бети түктүү, үйдүн тушуна тартуу, полго төшөө же бир нерсенин үстүнө жабуу үчүн колдонулуу­чу буюм. Имараттын ичин жасалгалоо, жылуу­лоо жана үн өткөрбөө үчүн колдонулат. Килемдин кооздугу токулуу өзгөчөлүгүнө (түктүү же түксүз), материалдын түрүнө (жүн, жибек, кендир, ке­без жана башкалар), боёгуна, өлчөмүнө жана түс айкалы­шына жараша аныкталат. Килем түктүү жана түксүз болуп, вертикаль жана горизонталь станоктордо колго согулат (2 м2инин массасы 2,5; 3,2 кг же андан ашык) жана машина менен (1 м2инин масса­сы 1,8–2,2; 2,5 кг) даярдалат (к. Килем токуу).

5-Пазырык көрүс­төнүнөн табылган түктүү килем. Биздин заманга чейинки IV кылымдын ортосу. Ахеменид­дин Иран. Эрми­таж. Санкт-Петер­бург.

Жаккар машинасы менен жабдылган көп чөл­мөктүү станоктор түксүз килем токууда пайдаланы­лат. Жаккар машиналуу токуучу станоктордо бир эле маалда беш-алты түстүү килемдин өңү жана ичи даярдалып, анын өң жана ичинен эриш жип­тери аркак жиптерине илинип бекитилип, учу бычак менен кесилет. Килем токуу байыртадан (мындан 10–12 миң жыл мурда килемдин бойро түрү ке­ңири тараган) эле белгилүү.

Евразия көчмөндөрү биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта кийиз килемди жасап чыгарышкан. Кой чарбасы өнүккөн аймактар­да (Түндүк Месопотамия жана башкалар) түктүү килем жасоо ойлоп табылган. Биздин заманга чейинки IV кылымдын ортосуна таан­дык жогорку үлгүдөгү байыркы түктүү килем (ахе­мениддик Ирандын 5-Пазырык көрүстөнүнөн та­былган) дүйнөлүк музейде (Эрмитажда) сакта­лып турат. Килем Чыгышта (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык­тын аягында Борбордук Азияда) кеңири таралып, килем токуу иштери Түштүк (Индия, Пакистан жана башкалар), Түштүк.-Батыш (Түркия, Иран жаана башкалар) жана Борбордук Азия (Кытай, Моңголия, Кыргызстан, Өзбекстан, Та­жикстан, Түркмөнстан жана башкалар), Кавказ (Азербай­жан жана башкалар), Түндүк Африка (Египет жана башкалар), Чыгыш Европа (Россия, Украина, Молдавия, Белорус­сия, Болгария, Румыния жана башкалар) жана Түндүк Евро­па (Финляндия, Швеция), Америка (инктер, на­вахолор) өлкөлөрүндө жакшы өздөштүрүлгөн. Азыркы учурда килем токуучу машиналардын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, килемдин структура­сы жакшырып, аны бышык, түстүү жана бекем кылып жасап чыгаруу өркүндөтүлүүдө. Кыргыз­дар илгертен эле килем токуу менен алектенишкен. Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Ноокат аймак­тарында килем токуу кеңири жайылган. Ошондой эле Кара- Балтада өнөр жайлык деңгээлде килем чыгаруучу ишкана иштейт. Килемдин көлөмү (ордо килем, калы килем, төр килем, төө килем, жайлоо килем жана башкалар), токулушу жана түр салынышы боюнча (жүл килем, арабы килем, ба­рак килем, куйма килем жана башкалар) бири биринен айырма­ланган түрлөрү бар, к. Килемчилик.

Ад.: Ленин Л. М., Свердлин В. И. Ковры и ковровые изделия. М., 1960; Уметалиева Ж. Т. Киргизский ворсовый ковёр. Ф., 1966; Руденко С. И. Древнейшие в мире художественные ковры и ткани. М., 1968; Зариф М. Ковры. М., 2006.