КАРА-ШОРО
КАРА-ШОРО – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Коңур-Дөбө айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1530 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 6 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 80 км. Калкы 1818 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп бар.