КАРА-ШААР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ШААР – Ысык-Көл облусунун Тоң районун­дагы кыштак. Улакол айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1621 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 66 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 27 км. Калкы 1371 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенип, тоют даярдашат. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.