КИЙИМ
КИЙИМ – тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын (ич кийим, сырт кийим, баш кийим, бут кийим, кол кап жана башкалар) жалпы аты. Турак жай менен бирге кийим тиричилигинин негизги каражаттарынын бири. Адамдын жан сактоого, ысык-сууктан жана механикалык таасирлерден коргонууга муктаж болушу кийимдин келип чыгышын шарттаган. Кийимдин өөрчүшү адам эмгегинин, коомдук мамилелердин жана маданияттын өнүгүшү менен кошо жүргөн. Натыйжада кийимге болгон көркөм табит жаралган. Адам өзүнүн сымбатына сын көз менен карап, дене-боюндагы кемчилигин кийимдин түрү менен оңдоого аракеттенет. Адамдар соңку палеолит доорунда эле айбан терисинен, куш канатынан, чөптөн, дарак кабыгынан жана жалбырагынан кийим жасай баштаган. Неолит доорунда адамдар өсүмдүк булаларынан жип ийрүү, өрүү, таар сымал одоно буюм токуу өнөрүн үйрөнгөн. Дыйканчылык менен мал чарбачылыкка өтүү зыгыр, пахта, жут, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын жана мал жүнүн кийимдик материал жасоо үчүн иштетүүгө мүмкүндүк берген. Бара-бара мата (кездеме) кийим жасалуучу негизги материалга айланган. Айрым элдер кийимди бычып-тигип кийишсе, кээ бирлери кездемени жөн гана денесине ороп-ороп алышкан.
Жашоо ыңгайына, климаттык жана табигый (асыресе жер) шарттардын өзгөчөлүгүнө жараша көчмөндөрдө, дыйкандарда, тропиктик, арктикалык, мелүүн алкактарда жашагандарда кийимдин ар кандай түрлөрү жана комплекстери пайда болгон. Кайсы доордо кайсы мамлекеттин саясий кадыр-баркы ашса, анын бийлөөчүлөрү кийген кийим көп өлкөлөр үчүн үлгү болгон. Мисалы, XI–XIV кылымдарда Франциянын, XVI кылымдын 2-жарымынан Испаниянын, XVII кылымдын 2-жарымынан кайрадан Франциянын кийим модалары Батыш Европада үстөмдүк кылган. XVIII кылымдын аягында Француз буржуазиялык революциясынын таасири менен Францияда сөөлөттүү жана кымбат кийимдер бир кыйла демократташып, андан ары кийим бара-бара жөнөкөйлөшө берген. Натыйжада Батыш Европада иштелип чыккан кийим модалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарала баштаган. Жеңил өнөр жайдын, токуу өнөрүнүн жана жасалма кездемелердин тынымсыз өсүшү кийим модасынын айрыкча аялдар кийиминин тез-тез өзгөрүп, жаңыланып жакшырып турушун шарттады. Кийимди конструкциялоо жана моделдөө өз алдынча өнөргө айланды. Кийимдин өзгөчөлөнүшүнө адамдын жыныстык жана курактык белгилери, үй-бүлөдөгү жана жамааттагы абалы, уруулук жана таптык айырмачылыгы да таасир тийгизген. Түрүнө жараша кийим ич жана сырт кийим, баш кийим, бут кийим деп, ал эми тиричиликтеги милдетине жараша к ү н д ө л ү к (иш, малтабар) кийим, м а й р а м д ы к (сый, дем алыш жана башкалар) кийим, к а а д а-с а л т т ы к (нике тоюнда, аза күткөндө кийилүүчү жана башкалар) кийим, а т а й ы н (өндүрүштүк) кийим, ф о р м а (аскерлердин, темир жолчулардын жана башкалардын) кийим, с п о р т т у к кийим жана башка фасондорго жана түрлөргө бөлүнө баштаган. Саймачылыктын, кол өнөрчүлүктүн өөрчүшү кийимдин көркөмдүк жагын арттырууга кызмат кылган. Калктар менен улуттардын калыптанышы улуттук (элдик) кийимдин жаралышына алып келген. Улуттук кийимдер элден элге ооп, бири бирине таасир тийгизип, белгилүү бир аймакка (регионго) тиешелүү кийим комплекси иштелип чыккан. Улуттук кийимден карапайым элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, саймачылык жана башка өнөрү айкын көрүнөт. Улуттук кийим улам өзгөрүп, жаңыланып турат, улуттук колоритти сактап, элди башкалардан өзгөчөлөп турат, к. Кыргыздын улуттук кийимдери.