КИЙИЗ БУЮМДАР
КИЙИЗ БУЮМДАР – кийизден жасалып, турмуш-тиричиликте колдонулуучу ар кандай буюм-тайымдар. Кийиз буюмдар байыртадан эле пайдаланылып келген. Кийиз буюмдарына боз үйдүн тутуусу (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулга (тердик, ичмек, ком, чом, желдик), кийим-кечек (кементай, калпак, чокой, кийиз байпак, доолдай, белдемчи), төшөнчү жана ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз),

шырдак, туш кийиз, өрө кийиз, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (үзөңгү баштык), үртүк, кийиз кап, куржун, баштык, сувенирлер жана башкалар] кирип, учурда кеңири колдонулат.