КАРА-ТОО (дарыя алаптары­нын суу бөлгүчү)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-ТОО to КАРА-ТОО (дарыя алаптары­нын суу бөлгүчү)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТОО – Теңир-Тоонун түндүк-батыш тарма­гы, Сыр-Дарыя, Чүй, Талас дарыя алаптары­нын суу бөлгүчү. Казакстандын Жамбыл ж-а Кызыл-Ордо облустарынын аймагында. Узундугу 420 км. Эң бийик жери 2176 мге чейин (Бессаз чокусу). Сланец, кумдук, акиташ теги ж-а доломит тоо тектеринен турат, карст формалары өрчүгөн. Кыры жайпак, капталдары тик. Орто бийик тоо рельефи басымдуу. Капталдарында бетеге-тулаң­дуу талаа басымдуу; ксерофит өсүмдүктөрү кез­дешет. Тоо өрөөндөрүнө тугай токойлору ж-а бадалдары мүнөздүү. Полиметалл рудалары (Мыргалым-Сай, Кен-Тоо, Ачы-Сай), фосфорит кендери (Кара-Тоо фосфорит бассейни) бар.