КЕФИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕФИ́Р – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85–87°С температу­рада 5–10 мин же 90–92°Сде 2–3 мин пастерле­нип, 19–23°Сге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% ке­фир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган кил­килдек продукт 8–10°С температурада түрдүү убакыт­ка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) жана өтө ачыган (3 күндүк), кычкыл­дуулугу ар башка (80–120°Т) кефир алынат. Өтө ачы­ган кефирде сүт кислотасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт заводдору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 жана 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү жана майы аз (0,5%) кефир чыгарат. Кефир кө­бүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз жана по­лиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда кефир сиңимдүү жана мүнөздөп тамактанууда пайда­ланылат. Өтө ачыган кефир ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. Кефирди 0°Сден жогору эмес температурада 3 суткага чейин сактоого болот.