КЕРЧЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЧЬ Украинадагы шаар. Керчке Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн баатырдыгы үчүн «Баатыр шаар» деген ардактуу наам (1973) бе­рилген. Крым автоном республикасынын аймагында. Керчь кысыгындагы порт. Калкы 149,7 миң (2008). Жанкыт – Керчь темир жолунун акыркы темир жол бекети. Темир кени казылып алынат (Камы­шанск-Бурунск комбинатында иштетилет). Ме­таллургия, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-­аш – татымал (анын ичинде балык белендөө) өнөр жай иш­каналары иштейт. Биздин заманга чейинки VI кылымда негизделип, Пантикапей аталган. Ал биздин заманга чейинки V кылымдын ба­шынан биздин замандын IV кылымынын аягына чейин Боспор мам­лекетинин борбору болгон. 1475-жылы түрктөр ба­сып алган. IX–XI кылымдарда Корчев аталып, Россия­нын курамына кирген. Керчтин аймагында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда катуу салгылаш­тар жүргөн. Театр, тарыхый-археологиялык музей, Ажи­мушкайды коргоодо курман болгон баатырлар­дын мемориал ансамбли бар. Мелек-Чесмен коргону (биздин заманга чейинки IV кылым), Деметр склепи (биздин замандын I кылымы), Иоанна Предтечи чиркөөсү (X–XIII кылымдар) сакталган.

Шаардын жалпы көрүнүшү.