«КЕТ-БУКА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЕТ-БУКА» – эл арасына кеңири тараган классикалык күү. Анын чыгышы жөнүндө ар кан­дай (биринде Кет-Бука кан, экинчисинде Чың­гызхандын кол башчыларынын бири же жөн эле комузчу болгон деп айтылат) уламыштар бар. Көпчүлүк учурда Кет-Бука комузчу Айкан канга жалгыз уулу аң уулап жүрүп, кокусунан жолборстон мерт болгонун күү аркылуу угузган деп айтылат. Күүдө терең кайгы баяндалат. Күү залкар комузчу Карамолдонун аткаруусунда жазылып алынган. Мындан башка да вариант­тары бар. Бул күү казактарда «Аксак кулан» деген ат менен домбрада чертилет.