КАРА-СӨГӨТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СӨГӨТ – Ош облусунун Кара-Суу районунда­гы кыштак. Катта-Талдык айыл округуна ка­раштуу. Керме-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1460 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 66 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 21 км. Калкы 1010 (2022); неги­зинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.