КАРА-КӨЛ (Памирдеги көл)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-КӨЛ 2 to КАРА-КӨЛ (Памирдеги көл)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КӨЛ – Памирдеги ири көл, Тажикстан­да. Аянты 380 км2, узундугу 33 км. Бийик кырка тоо­лор м-н курчалган, деңиз деңгээлинен 4000 м бийикте жайгашкан ойдуңдан орун алган. Эки кууш кы­сык м-н туташкан 2 бөлүктөн турат. Тереңдиги батыш бөлүгүндө 238 мге, чыгышында 35 мге чейин. Суусу мала туздуу, тунуктугу 9 мге чейин. Ноябрдын аягынан апрелге чейин муз каптайт. Суусунун жайкы температурасы 12°Сге че­йин. Кара-Көл суу агып чыкпаган туюк көл. Ага куйган суулардын эң ирилери – Кара-Жылга, Музкол.