КАРА-КҮНГӨЙ (Токтогул районундагы кышта
КАРА-КҮНГӨЙ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Чолпон-Ата айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 64 км түндүк-батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 294 км. Кыштак 1974-жылы негизделген. Калкы 1380 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.