КАРА-КУЛЖА (Узун-Акмат суусунун оң куй­масы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-КУЛЖА 2 to КАРА-КУЛЖА (Узун-Акмат суусунун оң куй­масы)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЛЖА – Узун-Акмат суусунун оң куй­масы. Токтогул районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 60 км, алабынын аянты 651 км2. Чаткал кырка тоосу м-н Талас Ала-Тоосунун тутумдаш­кан жериндеги мөңгүдөн башталып, Узун-Ак­мат (түндүк) ж-а Ат-Ойнок (түштүк) тоолорунун ор­тосунда батыштан чыгышка карай агып, Узун- Акматка куят. Өрөөнүндө карагай, бадалдар, суу бойлой кайың, тал, четин, арча өсөт. Кара-Кулжага 80ден ашуун өзөн куят, ирилери: Ат-Айнок, Найман-Суу (оң), Өкүм, Ыргайлы, Көл (сол). Ап­релде кире баштап, октябрда тартыла баштайт. Негизинен булак (49%), кар, мөңгү (46%) ж-а жаан-чачын (5%) сууларынан куралат. Алабын­да жалпы аянты 6,2 км2ге жеткен 20дан ашык мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 10,5 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.