КАРА-КУЛЖА (Кара-Дарыянын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-КУЛЖА 1 to КАРА-КУЛЖА (Кара-Дарыянын оң куймасы)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЛЖА – Кара-Дарыянын оң куймасы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагы аркы­луу аккан суу. Узундугу 104 км, алабынын аянты 1200 км2. Фергана тоо тизмеги м-н Үч-Сейит тоо­сунун кошулушунан башталып, Фергана ж-а Тасырак-Сай тоолорунун аралыгы м-н агат. Ири куймалары: Шоорук-Жылга, Үч-Сейит, Сурташ, Токсон-Кемпир, Көк-Жаңгак (оң), Качуркөл, Кашка-Суу, Талды-Суу, Беш-Мойнок (сол) ж. б. Жылдык орточо чыгымы 21,3 м3/сек. Ар бир чар­чы км аянтынан агып чыккан суунун модулу Кыргызстандын аймагы боюнча эң көп (22 л/сек.км2). Аталышы суу киргенде тоо беттеринен ар түрдүү тектерди агызып, каралжын тартып, ылайла­нып агышынан пайда болгон. Боюнда (төмөнкү агымында) Кара-Кулжа кыштагы жайгашкан.