КЕРБЕН (жүктүү унаалар тобу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КЕРБЕН 1 to КЕРБЕН караван) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРБЕН – соода кылуу максатында узак жол тартуучу жүктүү унаалардын (көбүнчө төөлөрдүн) тобу. Кербен тарткан адамдар кербенчи, башкарган адам кербен башы деп аталган. Баруучу жолду мык­ты билгендиктен, жол баштоо, зарыл нерселер менен камсыз кылуу кербен башынын милдетине кир­ген. Кербенди түзгөн жүктүү төөлөрдү 5–9дан чиркеш­тирип, алдыңкысы менен эң арткысына чоң коң­гуроо тагып, астында бир адам жол баштаса, артында бир адам жүктөргө көз салып, оогон-кыйшайгандарын оңдоп-түздөп, төөлөрдү айда­ган.

Кербенчилер жол боюндагы кербек сарайларга тү­нөшкөн (мисалы, Борбордук Теңир-Тоо аркылуу Улуу Жибек жолу боюнча өткөн кербенчи-саякатчылар Таш- Рабат кербен сарайына токтоп өтүшкөн). Ба­йыртадан Жакынкы Чыгыш жана Орто Азия, Африка эл­деринде кербен менен соода кылынган саякат жасал­ган. Сооданын өнүгүшүнө, маданияттын таралышы­на, элдердин өз ара байланышына, жакында­шуусуна зор өбөлгө түзгөн.