КЕПИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПИЧ – ийленген булгаарыдан колго ултарыл­ган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыр­тынан кийилген. Баш жагы ичтелет, четтери тарамыш менен кайылып, ичи таманга бекити­лет. Кепич жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып ултарышкан. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кепичи оймо чиймелер менен асем­делген.