КАРА-ДӨБӨ (Чүй районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ДӨБӨ – Чүй районундагы кыштак. Искра айыл округуна караштуу. Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 948 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан ж-а Токмок темир жол бекетинен 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыш­так 1929-жылы негизделген. Калкы 1347 (2022); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар. Мончо ж-а соода жайлары иштейт.