КЕНЖЕКАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:40, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КЕНЖЕКАРА to КЕНЖЕКАРА Калча уулу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЖЕКАРА Калча уулу (1859, Чүй өрөөнү – 1929, Фрунзе) – семетейчи жана кыл кыякчы.
Кенжекара башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы менен өзгө­чөлөнгөн. 1903-жылы Орус география коому кыр­гыз жергесине илимий экспедиция уюштуруп, ага сүрөтчү Б. В. Смирнов менен этнограф-окумуштуу

А. Т. Белинский катышкан. Алар Кенжекаранын кыл кыяк­тын коштоосу менен аткарган «Семетей» эпосунан «Семетей­дин Айчүрөккө үй­лөнүшүн» жана «Ак- Бала баатыр жө­нүндө ыр» деген чыгарманы жазып алып, орус тилине кара сөз түрүндө которуп жарыя­лашкан. Кенжекаранын айтканын Атайбек деген тил­меч которуп берген. Котормо 1914-жылы Москвада «Түркстан талааларында» деген ат менен китеп бо­луп чыккан. Сүрөтчү Кенжекарадан уккан сюжет боюнча Семетей менен Айчүрөктүн сүрөтүн тарткан жана семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кы­яктын коштоосу менен аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган. Китепте «Семетейди» кырк күн, кырк түн айта ала тургандыгы эс­кертилген.