КЕЛЬТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЬТТЕР , г а л л д а р – тили жана маданияты жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жа­рымында Альп тоолорунун түндүк жана батыш та­рабында (Франция, Бельгия, Швейцария, Түштүк Германия, Австрия, Чехия, Венгрия, Болгария, Түндүк Италия, Түндүк жана Батыш Испания, Бри­тан аралдарынын азыркы аймагы) жашаган. Римдик­тер кельттерди галлдар деп аташкандыктан, алар жашаган жерлер Галлия деп аталып калган.
Биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда кельттерде уруулук түзүлүш ыдырап, уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. Кельттер гальштат маданиятын (биздин заманга чейинки 900–400) жана латен маданиятын (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жарымы) түзгөн. Кельттер кийин ибер, иллирия, фракия жана башка уруулар менен аралашкан. Биздин заманга чейинки II кылымда кельттер Түндүк Италия­дагы римдиктердин кысымынан улам Чехия­нын азыркы аймагына отурукташкан (ал уруу­лар бойа, алар отурукташкан жер Богемия деп аталган). Кельттер бойа, гельвет, белг, секван, лингон, эду, битуриг, арверн, аллоброг, сенон, тревер, бел­ловак сыяктуу уруулардан турган. Ккельттер дыйкан­чылык жана мал чарбачылык менен кесиптениш­кен. Кельттерди римдиктер караткан соң (биздин заманга чейинки I кылымдын ортосу) романдаштырылган. Англия, Франция жана Бельгия элдеринин калыптанышында кельттердин этнос элементтери маанилүү роль ойногон.