КВЕРШЛАГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВЕ ́РШЛАГ – жер бетине чыгууга түз жол жок болгон учурда, узатасынан созулуп жаткан кен катмарды бойлой кеткен, тоо тектерде жүргүзүл­гөн казма. Түз же эңкейиш казылат. Кен кат­марына барып такалат же кесип өтөт. Квершлаг кенди казып алуу, ташуу, жумушчулардын ары-бери жүрүшү, шахтанын ичин желдетүү, жер астын­дагы сууларды агызуу үчүн колдонулат. Кенди толук казып бүткөнчө ар кандай кырсыктар­дан сактануу үчүн жыгач, темир, темир-бетон, бетон тирөөчтөр менен бекитилет.