КВАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАС – кара буудай унуна же кургатылган на­нына кара буудай жана арпа угутун, кант жана суу кошуп ачытуудан алынган суусундук; ал­коголсуз ичимдик. Квастын курамында табигый көмүр кычкыл газы менен сүт кычкылы бар. Алар квастын даамын бир аз кычкылдантып, адамдын организмине керектүү витамин, көмүртек жана микроорганизмдерди пайда кылат. 1 л квас 840–300 кДж энергия берет. Квас даярдоодо арпа, та­руу, жемиш, бал, кант жана түрдүү жыттуу чөптөр, өсүмдүк тамыры колдонулат. Аны жа­соо квас ширесин даярдоо, ачытуу, купаждоо, идишке куюу иштеринен турат.