КИСЛОТАЛАР
КИСЛОТАЛАР – металл м-н оңой алмашуучу суутеги бар ж-а сууда эригенде Н+ ионун пайда кылуучу химиялык бирикмелер. Кислоталар кычкылтектүү, (H2SO4, H2CO3, HNO3 ж. б). ж-а кычкылтексиз (HCl, Н2S, HCN ж. б.) болуп айырмаланат. Кычкылтектүү кислоталар кээ бир кислоталык оксиддердин суу м-н кошулушунан, кычкылтексиз кислоталар айрым элементтердин суутек м-н кошулушунан пайда болот. Кислоталардын малекуласындагы суутек атомунун саны алардын негиздүүлүгүн аныктайт, мисалы, HCl, HNO3 – бир негиздүү, H2S, H2SO4 эки негиздүү, H3PO4 – үч негиздүү кислоталар.