КИР ЖУУГУЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИР ЖУУГУЧ – кир буюмдарды механикалык жол менен жуучу машина. XIX кылымдагы алгачкы кир жуугуч түзүлмө жыгачтан жасалып, кир кол менен жуул­ган. Кийинчерээк электр кыймылдаткычы ар­кылуу айлануу кыймылына келүүчү барабан­дан суу ысытуучу жана сыгуучу түзүлмөдөн тур­ган кир жуугуч пайда болгон. Биздин өлкөдө да бир канча типтеги кир жуугуч жасалган. Алардын бири азыркы кезге чейин үй тиричилигинде колдону­луп келаткан «Киргизия» машинасы. Азыркы

Автоматтык кир жуугуч машина.

кездеги кир жуугуч суу кирбөөчү тулкусунун ичинде жайгашкан атайын көзөнөкчөлүү барабандан ту­рат. Барабан жай айланганда, кир жуулуп, ал эми ылдам айланган учурда кир сыгылат. Суу куюлгандан баштап ысытуу, жуу, сыгуу, кур­гатуу, суу төгүү иштери атайын микропроцес­сорлордун жардамы менен автоматтык түрдө баш­карылат.