КИОТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИО́ТО – Жапониядагы шаар. Хонсю аралында жай­гашкан. Киото префектурасынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2009). Жол тоому. Киоти аркылуу «Синка сен» жогорку ылдамдык темир жолунун «То­кайда – Санъё» (Токио – Фукуока) линиясы жана «Мейсин» (Нагоя–Нисиномия) автострада­сы өтөт. Метрополитен (1981). Киото 792–794-жылдары ку­рулган; 794–1192-жылдары Хэйан аталган. XII кылымда Киото ата­лып, 1868-жылга чейин Жапониянын борбору болгон; императордун резиденциясы.

Киотодогу тар көчөлөрдүн бири.

1956-жылдан шаар макамына ээ. Салттуу көөнө көркөм кол өнөрчүлүк (лакталган жана коло буюмдар, фар­фор, накта жибек, кооз сайма, диний буюмдар) өндүрүшүнүн борбору. Киотодо бир нече ири банк­тардын башкы кеңселери, инвестиция-кредит компаниялары жана жапониялык өнөр жай фирмала­рынын штаб-квартиралары жайгашкан. Маши­на куруу (анын ичинде текстиль өндүрүшү үчүн жабдуу, медицина жана так өлчөөчү аспаптар), түстүү метал­лургия, электр-техника, электроника, химия, фарма­цевтика, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Жапонияда жогорку окуу жайлардын саны боюнча Токио­дон кийинки 2-орунда турат. Шаарда 40ка жа­кын университет (анын ичинде мамлекеттик эместери да бар) жана кол­леж, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, заман­бап искусство галереясы), театрлар бар. Ошондой эле 200дөн ашык синтоист чиркөөлөрү жана 1500дөн ашык будда храмдары сакталган. Камигамод­зиндзя (XI кылым), Симогамодзиндзя (Камомиоя, VII кылым) храм комплекси, Тодзи храмы (VIII–XII кылымдар), Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең XIV кылым), Кинкакудзи («Алтын храм», XIV кылым), Гинкакудзи («Күмүш храм», XV кылымдын аягы) жана башка храмдар, Ндзёдзё ак сарай комплекси (XVI–XVII кылымдар) жана Киотога жакын жерде жайгашкан Дайгодзи (874-жылы) Самбони (1115-жыл) монастырлары, Бёдоин будда монас­тыры (1000-жыл ченде ак сарай катары негиздел­ген; 1052-жылдан монастырь; башкы имараты – «Феникс залы») Бүткүл дүйнөлүк мурастар тиз­месине киргизилген. Туризмдин маанилүү бор­бору (жылына 42 млндон ашык, анын 11 млну түнөп кетет, 2002). Жыл сайын театр фестивал­дары өткөрүлүп турат.