КИНОФИЛЬМ ЧЫГАРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОФИ́ЛЬМ ЧЫГАРУУ – тартылган кино­фильмдин к өчүрмө лөрүн масс алык т үрдө көбөйтүү процесси. Азыркы К. ч. – адабий чыг­лык иш ж-а татаал процесс. Ага ар түрдүү адис­теги кызматкерлер катышып, иск-вонун көп түрлөрү – ад-т, музыка, живопись, арх-ра ж. б. пайдаланылат. К. ч-нун технологиясы адабий сценарийди даярдоодон тартып, кинофильмди элге көрсөтүүгө чейинки ырааттуу ж-а бири-би­рине байланыштуу чыгармачыл ж-а тех. этап­тардан түзүлөт. К. ч-нун бүткүл стадиясы не­гизги эки мезгилге бөлүнөт: даярдык көрүү ж-а өндүрүш процесстери. Д а я р д ы к к ө р ү ү мезгилинде келечектеги фильмдин так долбоо­ру түзүлүп, уюштуруу-чыг-лык ж-а тех. иштер жүргүзүлөт; режиссёрдук сценарий жазылат, декорациянын ж-а кийимдердин эскиздери жа­салат, фильм тартууга орун ж-а ролдорду атка­руучу актёрлор тандалат; фильм тартуунун ка­лендардык планы ж-а чыгымдардын сметасы түзүлөт. Ө н д ү р ү ш мезгили фильм тартууга камылга көрүүдөн башталып, актёрлор м-н ре­петиция өткөрүү, керектүү декорацияларды ку­руу, мебелди, реквизитти, кийме чачты ж. б. даярдоо, кино тартуучу, үн жазуучу, жарык кылуучу аппаратураларды камдоо иштери жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери – бүткүл про­цесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо ж-а киностудия аянтында, кино­экспедицияда тартуу ж-а айкалыштырып тар­туу болуп бөлүнөт. Булардын бардыгында ар бир кадр түрдүү вариантта эки же бир нече жолу (дубль) тартылып алынат. Коюучу режиссёрдун жетекчилиги м-н кадрлардын мыктысы танда­лып алынып кураштырылат. Анда фильмдин сүрөтү м-н үн жазылган фонограмма тандалып жабыштырылат да, сүрөттүн көрүнүшү м-н үндүн угулушу бири-бири м-н туура келтирилет. Ки­нофильм толук кураштырылып бүтүп, сүрөтү м-н фонограммасы бекилгенден кийин фильм­дин негативи кураштырылат. Фильмдин нега­тиви фильмдин көчүрмөлөрүн массалык түрдө ала турган алгачкы материал болот.