КИНОФИЛЬМ ЧЫГАРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОФИ́ЛЬМ ЧЫГАРУУ – тартылган кино тасманын көчүрмөлөрүн массалык түрдө көбөйтүү процесси. Азыркы кино тасманы чыгаруу – адабий чыгармачы­лык иш жана татаал процесс. Ага ар түрдүү адис­теги кызматкерлер катышып, искусствонун көп түрлөрү – адабият, музыка, живопись, архитектура жана башкалар пайдаланылат. Кино тасманы чыгаруунун технологиясы адабий сценарийди даярдоодон тартып, кино тасманы элге көрсөтүүгө чейинки ырааттуу жана бири-би­рине байланыштуу чыгармачыл жана техникалык этап­тардан түзүлөт. Кино тасманы чыгарууунун бүткүл стадиясы не­гизги эки мезгилге бөлүнөт: даярдык көрүү жана өндүрүш процесстери. Д а я р д ы к к ө р ү ү мезгилинде келечектеги тасманын так долбоо­ру түзүлүп, уюштуруу-чыгармачылык жана техникалык иштер жүргүзүлөт; режиссёрдук сценарий жазылат, декорациянын жана кийимдердин эскиздери жа­салат, тасма тартууга орун жана ролдорду атка­руучу актёрлор тандалат; тасма тартуунун ка­лендардык планы жана чыгымдардын сметасы түзүлөт. Ө н д ү р ү ш мезгили тасма тартууга камылга көрүүдөн башталып, актёрлор менен ре­петиция өткөрүү, керектүү декорацияларды ку­руу, мебелди, реквизитти, кийме чачты жана башкаларды даярдоо, кино тартуучу, үн жазуучу, жарык кылуучу аппаратураларды камдоо иштери жүргүзүлөт. Киного тартуу иштери – бүткүл про­цесстин эң жооптуу мезгили. Ал негизги үч түргө: павильондо жана киностудия аянтында, кино ­экспедицияда тартуу жана айкалыштырып тар­туу болуп бөлүнөт. Булардын бардыгында ар бир кадр түрдүү вариантта эки же бир нече жолу (дубль) тартылып алынат. Коюучу режиссёрдун жетекчилиги менен кадрлардын мыктысы танда­лып алынып кураштырылат. Анда тасманын сүрөтү менен үн жазылган фонограмма тандалып жабыштырылат да, сүрөттүн көрүнүшү менен үндүн угулушу бири-бири менен туура келтирилет. Ки­но тасма толук кураштырылып бүтүп, сүрөтү менен фонограммасы бекилгенден кийин тасманын негативи кураштырылат. Тасманын нега­тиви тасманын көчүрмөлөрүн массалык түрдө ала турган алгачкы материал болот.