КИНОФИЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ
КИНОФИ́ЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ – кинофильмдеги сөз, музыка ж. б. түрдүү үндөрдү жазып алуу процесси. К. ү-дө үндөр кинофильмдин сүрөтүнө дал келтирилип, фильм тартылгандан кийин ж-а тартылардан мурда жазылат. Үндү сүрөткө удаалаш дал келтирип жазуу процессинде кино тартуучу ж-а үн жазуучу аппараттар экөө тең бир электрметр аркылуу кыймылга келтирилет. Үн режимдин командасы аркылуу жазыла баштайт да, тартылуучу дублдин (пландын) баш жагына ж-а жазылуучу магнит тасмасына бир убакта белги коюлат. Мында жазылган үн актёрдун эрин кыбырашына дал келиши керек. Фильм тартылып бүткөндөн кийин үндөштүрүүдө тартылып бүткөн ж-а кураштырылган «жумушчу» позитив экранга түшүрүлөт да, аны карап турган актёрлор кыймылга жараша текстти дал келтирип сүйлөйт. Ал сөздөр магнит тасмасына жазылат. Бул метод синхрондоп сүрөткө удаалаш дал келтирип жазууга мүмкүн болбогон жерлерде колдонулат. Ушул ыкма м-н кинофильм башка тилге да которулат. Кээде кинофильмдин сөздөрү же үндөрү тартыла электе эле жазылып алынат да, кийин павильондордо ошол чыгарылган үнгө карата актёр өз ролун аткарат. Чыг-лык жактан жакшы кадрлардан фильмдин «жумушчу» позитиви түзүлөт. Магнит тасмасына жазылган фонограммалар да кураштырылат. «Жумушчу» позитив экранга көрсөтүлүп, ага дал келтирилип фонограммалары угузулат да, бардыгы бир
магнит тасмасына түшүрүлөт. Кайталанып жазылгандан кийинки магнит тасмасы (магнит оригиналы) башка фотогр. тасмага көчүрүлөт. Лабор-ялык иштетүүлөрдөн кийин кинофильмдин негизги фотогр. фонограммасы алынат.