КИНОФЕСТИВАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОФЕСТИВА́ЛЬ – белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. К. ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү – Эл аралык кинофестивалдар (ЭКФ). Кинематог­рафиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендик­терин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багы­тын аныктоо максатында өз фильмдеринин фес­тивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө ти­гил же бул темага, же белгилүү кино ишмерле­рине арналган фильмдерди көрсөтүү да фести­валь деп аталат. Маданий ж-а эл аралык бай­ланыштардын өсүшү ж-а кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фести­валдын улуттук фильмди чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай К. он күн­дүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. К. – жалпы ж-а ата­йын (кинематографиянын жанры ж-а түрлөрү), конкурстук ж-а конкурстан тышкары, эл ара­лык, улуттук ж-а жерг. болуп бөлүнөт. К-дын системасына (кинорыноктор, кинодолбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, фильм тарт­кандар м-н көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салта­наттуу премьералар, ил. ж-а пресс-конф-ялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинар­лар, ж. б.) кино искусствосун коомчулукка жет­кирүү иш-чаралары кирет. К. жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат. Биринчи К. Ве­нецияда 1932-ж. өткөн. Канны (1946) ж-а Бер­лин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсепте­лип, жалпы профилдеги толук метраждуу фильмдердин ЭКФи тобуна («А» классына) ки­рет. О. эле кино өндүрүшүнүн ири борборло­ру – Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан- Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) ж. б. шаарларда өтүүчү ЭКФ м-н


бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), ани­мациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) ж. б. фильмдердин ЭКФтери өткөрүлүп турат. СССРде биринчи К. 1935-ж. Москвада өтүп, 1959-ж. кайрадан башталган (1972-ж. «А» классына кирген; 1999-ж. чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда о. эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо ж-а анимациялык фильмдердин атайын конкурстук көптөгөн К-дары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-ж. өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Ки­ношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика ж-а КМШ өлкөлөрүнүн ачык фестивал­дары (1995) өткөн. СССР мезгилинде К. Ташкент­те (Азия, Африка ж-а Латын Америкасы өлкө­лөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ри­гада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) ж. б. өтүп турган. Кыргыз кино ишмер­лери да мындай фестивалдарга өз фильмдери м-н үзбөй катышып турушат ж-а сыйлык ал­ган фильмдер: «Ак илбирстин тукуму» (реж. Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык- Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев, БКФтин Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, БКФтин Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, БКФтин «Альп алтын рододендрону» Гран- Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркек­тер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылы­чы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Боро­ондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйл., Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, БКФтин Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргыз­фильм» –«Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан», Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» ЭКФтин Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; ЭКФтин Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) ж. б. 2000-ж. Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов ж. б. ки­норежиссёрлордун фильмдери ЭКФтердин бай­гелерине арзыган. 2007-ж. Кырг-нда ШКУга кир­ген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы өткөрүлгөн, 2008-ж. бул К. Азия, Европа, Аме­рика континенттеринин 15тен ашуун мамлекет­теринин өкүлдөрүнүн катышуусу м-н экинчи ирет уюштурулган.


Ад.: Плахов А., Под знаком F. Кинофестивали. М., 2006; Төлөмүшова Г. Кыргызское кино в лицах. Б., 2009.

Г. Төлөмүшова.