КИНОФЕСТИВАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОФЕСТИВА́ЛЬ – белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. Кинофестиваль ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү – Эл аралык кинофестивалдар (ЭКФ). Кинематог­рафиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендик­терин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багы­тын аныктоо максатында өз тасмаларынын фес­тивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө ти­гил же бул темага, же белгилүү кино ишмерле­рине арналган тасмаларды көрсөтүү да фести­валь деп аталат. Маданий жана эл аралык бай­ланыштардын өсүшү жана кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фести­валдын улуттук тасманы чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай кинофестивалдар он күн­дүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. Кинофестиваль – жалпы жана ата­йын (кинематографиянын жанры жана түрлөрү), сынак жана сынактан тышкары, эл ара­лык, улуттук жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Кинофестивалдын системасына (кино рыноктор, кино долбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, тасма тарт­кандар менен көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салта­наттуу премьералар, илимий жана пресс-конференциялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинар­лар, жана башкалар) кино искусствосун коомчулукка жет­кирүү иш-чаралары кирет. Кинофестиваль. жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат. Биринчи кинофестиваль Ве­нецияда 1932-жылы өткөн. Канны (1946) жана Бер­лин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсепте­лип, жалпы профилдеги толук метраждуу тасмалардын Эл аралык кинофестиваль тобуна («А» классына) ки­рет. Ошондой эле кино өндүрүшүнүн ири борборло­ру – Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан-Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) жана башка шаарларда өтүүчү Эл аралык кинофестивалдар менен бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), ани­мациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) жана башка тасмалардын Эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат. СССРде биринчи кинофестиваль 1935-жылы Москвада өтүп, 1959-жылы кайрадан башталган (1972-жылы «А» классына кирген; 1999-жылга чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда ошондой эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо жана анимациялык тасмалардын атайын сынактык көптөгөн кинофестивалдары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-жылы өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Ки­ношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн ачык фестивал­дары (1995) өткөн. СССР мезгилинде кинофестивалдар Ташкент­те (Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкө­лөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ри­гада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) жана башкаларда өтүп турган. Кыргыз кино ишмер­лери да мындай фестивалдарга өз тасмалары менен үзбөй катышып турушат жана сыйлык ал­ган тасмалар: «Ак илбирстин тукуму» (режиссёру Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык- Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев ,Бүткүл союздук кинофестивалдын (БКФ) Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, Бүткүл союздук кинофестивалдын Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, Бүткүл союздук кинофестивалдын «Альп алтын рододендрону» Гран- Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркек­тер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылы­чы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Боро­ондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйлыгын, Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, Бүткүл союздук кинофестивалдын Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргыз­фильм» – «Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан», Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» Эл аралык кинофестивалдын Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; Эл аралык кинофестивалдын Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) жана башкалар. 2000-жылы Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов жана башка ки­норежиссёрлордун тасмалары Эл аралык кинофестивалдардын бай­гелерине арзыган. 2007-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтыгы уюмуна кир­ген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы өткөрүлгөн. 2008-жылы бул кинофестиваль Азия, Европа, Аме­рика континенттеринин 15тен ашуун мамлекет­теринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен экинчи ирет уюштурулган.


Ад.: Плахов А., Под знаком F. Кинофестивали. М., 2006; Төлөмүшова Г. Кыргызское кино в лицах. Б., 2009.

Г. Төлөмүшова.