КИНОСТУДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОСТУ́ДИЯ – кинофильм чыгаруучу меке­ме. К-да сценарий даярдоодон тартылган фильм­ди бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, документ, ил.- популярдуу, окуу фильмдерин ж-а мультипли­кациялык кинокартиналарды чыгаруучу К-лар бар. К-дагы кино тартуучу топ негизги өндү­рүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Документ фильмдердин К-сы фильмдин өзгөчөлүгүнө жа­раша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мульт­фильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар м-н бир ж-а көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү К-лар: «Юнайтед ар­тистс», «Жыйырманчы кылым – Фокс», «Ко­ламбиа пикчерс», «Парамаунт» (бардыгы АКШ-да), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Лен­фильм» (экөө тең Россияда), о. эле к. «Кыргыз­фильм».