КИНОЛОГИЯ
КИНОЛО́ГИЯ (гр. kyjn, илик жөндөмөдө kynjs – ит ж-а ...логия) – ит жөнүндөгү илим. Иттин анатомиясын, физиологиясын, тегин, породасын, итти багуу, үйрөтүү, эл чарбасында пайдаланууну иликтейт. Кинология 19-кылымдын 2-жарымында илим катары калыптанган. Грекия, Римде итти багуу, үйрөтүү жөнүндөгү эмгектер биздин заманга чейин эле белгилүү болгон. Азыркы кинология иттин негизги 3 тибинин (ишчил, аңчы ж-а эрмектик иттердин) көптөгөн породаларын изилдейт.
Ад.: Пуньетти Д. Собаки: Энциклопедия. М., 1998.