КИНДИК ЭНЕ
КИНДИК ЭНЕ – бала төрөлгөндө киндигин кескен аял; К. э. баланы биринчи көрүп, ата-энесине сүйүнчүлөгөн адам, ал – баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сыймыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулкмүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк б-ча К. э-ни кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошондон улам элде «жетемди эмес, жерден алганымды тартам» деген сөз айтылып калган. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз м-н кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу болсун деп ырымдашкан. «Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз» деген сөз эмдигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу м-н коштолгон. Баланын жети энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне – булардын эң алгачкысы. Учурда балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.
Ы. Кадыров.