КИНДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:10, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНДИК – адамдын ж-а сүт эмүүчү жаныбар­лардын түйүлдүгүн эне организми м-н туташты­руучу (чөбү же тону аркылуу) анатомиялык түзүлүш.
Адамдын киндигинин узундугу 50–60 см, жоондугу – 1,5 смге чейин. Киндиктин кескен жеринин калган калдыгы түшкөндө, курсактын ортосунда ты­рык (чуңкур) пайда болот. Ал толук айыкпаса, кээде киндик чуркусу болуп, аны таңып байлоо ж-а операция жолу м-н айыктырат.