КИНГСТОН-АПОН-ХАЛЛ
КИ́НГСТОН-АПО́Н-ХАЛЛ , Х а л л, Г у л л ь – Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; унитардык түзүлүш статусуна ээ (1996). Калкы 261,0 миң (2009). Лондон менен темир жол аркылуу түздөн-түз Ливерпуль, Манчестер, Лидс жана башка ири шаарлар менен автомагистралдар аркылуу, Хамбер дарыясындагы көпүрө менен Англиянын түштүгүндөгү шаарлар менен байланышат. Ири деңиз порту (2005-жылы 13,4 млн тоннажүк ташылган). Роттердам (Нидерланд) жана Зебрюгге (Бельгия) шаарлары менен үзгүлтүксүз паром аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорттору (Хамберсайд, шаардан 32 км; Робин Гуд, 77 км) бар. Шаардын бир топ бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн тургандыктан, суу каптоого (2007, турак үйлөрдүн 20%и) учурап турат. XII кылымдын аягында кечилдер негиздеген. XX кылымда ири деңиз соода борбору жана дүйнөдөгү балык кармоочу ири порттордун бири. Готика стилиндеги Ыйык Троица чиркөөсү (1300), чеп-цитадель (1514), шаардык грамматика мектеби (1583), Уильям IIIнүн монументи (1734) сакталган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Жыгаччылык, тамак-аш (ун, май) өнөр жайлары, «British Petroleum» (уксус кислотасы, ацетон, этилацетат жана башкалар), «Smith & Nephew» (медициналык технология жана башка материалдар, ортопедия техникалары), «Seven Seas» [азыктүлүк, балык (тресканын боорунан) майы жана анын негизинде витаминдер] жана башка ишканалары иштеп, лак, сыр, туристтер үчүн авточиркегич жана карапа буюмдары чыгарылат. Университеттер (анын ичинде медициналык коллеж), музейлер (анын ичинде тарых, транспорт, деңиз жана башкалар), сүрөт галереясы (1927), англис филантроп У. Уилберфорстун үйү (2007- жылдан музей), 3 ири театр, дүйнөдөгү жанаа Европадагы эң ири океанариум бар. Жыл сайын жармаңкелер жана фестивалдар (адабият, деңиз, рок музыка жана комедия жанрлары боюнча) өткөрүлүп турат.