КИММЕРИЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИММЕРИЙЛЕР – б. з. ч. 8–7-к-да кыязы Чы­гыш Европанын талааларын жердеген көчмөн эл. Аккаддык, антикалык ж-а Библия булак­тары б-ча алар б. з. ч. 8–7-к-да Чыгыш Европа өрөөндөрүн жердеген. Алгач К. ж-дө ассирия бу­лактарында эскерилет. 715–714-ж. Ассирия па­дышасы Саргон IIнин Урарту падышасы – Рус Iнин жеңишине байланышту эскерилет. Асар­хадондун мезгилинде К-дин 2 тобу белгилүү: би­ринчи топ Ассириянын чыгыш тарабында (Ман­неде), экинчиси батыш тарабында (Кичи Азия­да) жайгашкан. 679-ж. Асархаддон Каппадокия­да К. падышасы Теушпуну талкалаган. Лигда­мис (акад тилинде Дугдамми) падышанын учу­рунда 675-ж. К. Фригияны, 644-ж. Лидияны ба­сып алышкан. 641-ж. Лигдамис өлгөндөн ки­йин бийлик анын уулу Сандакшатруга өткөн. 620-жылдары Анатолияда скифтердин падыша­сы Мадий, 7-к-дын аягында Лидия падышасы Алиатт К-ди талкалаган. Антикалык ад-ттар­да К. ж-дө алгач Гомердин «Одиссеясында» (XI, 14) кездешет. К-ге таандык археол. эстеликтерге Түркиянын Норшун-Тепе, Имирлере, Богазкёй, Сард, Гордиона ж. б. ш-нын аймагындагы ба­йыркы скиф дооруна тиешелүү табылгалар ки­рет. Буга жараша Чыгыш Европада да К-дин археол. эстеликтери скиф эстеликтеринен айыр­маланбайт. К. м-н скифтердин мад-ттары бири­бирине жакын болгондуктан, окумуштуулар К. тили иран тилдер тобуна кирет деп божомол­дошот.


Ад.: Алексеев А. Ю., Качалова Н. К., Тохтасьев С. Р. Киммерийцы: этнокультурная принадлежность. СПб., 1993; Иванчик А. И. Киммерийцы. Древневосточные цивилизации и степные кочевники в VIII–VII вв. до н. э. М., 1996; он же. Накануне колонизации. Северное Причерноморье и степные кочевники VIII–VII вв. до н. э. в античной литературной традиции: фольклор, литература и история. М.; Берлин, 2005.