КИЛЕМЧИЛИК
КИЛЕМЧИЛИК – кыргыз элинин материалдык маданиятын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы менен эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын чагылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. Килемчилик түштүк жана түштүк-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) жана арабы (түксүз) килем жасалат. Жүл килем эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой менен эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр килемге түр берип турат. Аркак кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриштердин калдыктарынан да ийрилет.

Арабы килем жүл килемге окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул килем жеңил, бышык жана кооз болот. Килемге койдун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра жана башка заттар пайдаланылат. Килемди токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, килем токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык жазгыч жана башка аспаптар колдонулат. Килемди 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чыйратылып, башалмай (тоголок) боюнча сууга кайнатылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 м болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты салып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагыча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкөлөп) алат. Килемди токууда эң биринчи жерди тегиздеп, килем курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. Килемди токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, башкача айтканда эришти аштаманын баш жана аяк жыгачтарына өткөрүп, килемдин негизин түзөт. Андан кийин килемдин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. Килем согууда эң биринчи «жапайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген жана башка түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети менен берилет. Лейлек, Баткен жана Ноокатта жүл килемди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. Килемдин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бөлүнөт: «бүтө кочкорек» жана «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күлкөптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мүйүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» жана башка көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылганы «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп сайылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп сайылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уздар килемди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган килемдин эң чоңу ордо килем аталып, аянты 5x3,5 мге жетет. Калы килем. 3,5x2,5 м келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ылайыкташтырылган. Төр килем аянттуу келип, жерге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын килем токушкан. Мындай чакан килем төө килем деп аталган. Көчүп-конууда урунууга жайлоо килеми токулган.