КИЙИМ КАТМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙИМ КАТМАЙ – балдар оюну. Шарт б-ча бир баланын кийимин (калпагын, бешмантын же мээлейин) тегеректеп тургандар катат. Ор­тодогу кийими катылган бала оюндагылардын көз карашынан, кебетесинен баамдап, кийим кимде экенин табыш керек. Таппаса ортодо күлкү болуп, тапканга чейин издейт. Катылган кийим кимден чыкса, ал ортого чыгып, оюн улантылат. Кийим катыларда ортодогу бала алаканы м-н көзүн жаап турат. Бул оюн бал­дарды байкагычтыкка, кыраакылыкка тарбия­лайт.