КИЙИК ОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 17 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙИК ОТ (Тhymus) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Сабагы жерге төшөлүп, кээде жантыгынан өскөн чала бадал­ча. Гүлдөөчү бутагы тик өйдө, кээде жантыгы­нан өсөт. Жалбырагы тушташ жайгашкан, жээ-

ги тегиз, түрдүү формада, майда (1–1,5 см). Гүл­дөрү шар сымал топ гүлдү түзүп, сабагынын учунда жайгашат. Желекчелери көгүш, мала кы­зыл, агыш, кээде көк түстө. Мөмөсү – жаңгак­ча, сүйрү же тоголок. 300дөй түрү бүткүл Евра­зияда, Түндук Африкада, Канар аралынан Грен­ландияга чейин таралган. Кыргызстанда 8 түрү бөксө ж-а бийик тоолордогу боздоңдо, суу, булак бо­юнда, бадал арасында, аска-зоо жаракасында, шагылдуу бетте өсөт. Кийик


оттун кээ бир түрүндө эфир майы – тимол, карвалол бар. Медицинада, пар­фюмерияда ж-а тамак-аш өнор жайында колдонулат. Ошондуктан кээ бир өлкөдө кадимки кийик от атай­ын өстүрүлөт. Кыргыз эли да эзелтеден эле са­сык тумоо үчүн, ичеги карын ооруларын дары­лоодо кайнатып, ширесин ичишкен.