КИЙИЗ БУЮМДАР
КИЙИЗ БУЮМДАР – кийизден жасалып, турмуштиричиликте колдонулуучу ар кандай буюм-тайымдар. К. б. байыртадан эле пайдаланылып келген. К. б-ына боз үйдүн тутуусу (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулга (тердик, ичмек, ком, чом, желдик), кийим-кечек (кементай, калпак, чокой, кийиз байпак, доолдай,

белдемчи), төшөнчү ж-а ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз), шырдак, туш кийиз, өрө кийиз, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (үзөңгү баштык), үртүк, кийиз кап, куржун, баштык, сувенирлер ж. б.] кирип, учурда кеңири колдонулат.