КИЙИЗБАЕВА Сайра

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙИЗБАЕВА Сайра [7. 11. 1917, Пишпекке (азыр Бишкек ш.) жакын Төкөлдөш айылы – 10. 10. 1988, Фрунзе] – опера ырчысы (лирика­драмалык сопрано). СССР эл арт. (1958). Чыг-

лыгын 1936-ж. Кыргыз муз. драма театрында ырчы бо­луп иштөөдөн баштаган. Биринчи жолу Земфиранын романсын (А. Верстовский,

«Карт аң к үй ө ө – к ат аал күйөө», 1937) ж-а Ажардын (В. Власов, В. Фере, «Алтын кыз») ролун аткарган. Нота үйрөнүп, профессионал театр өнөрүн өздөштүргөн кезде К-га Айчүрөктүн (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк») ролу тапшы­рылып, аны 1939-ж. Кыргыз иск-восунун Моск­вада өткөн он күндүгүндө ийгиликтүү аткарган. 1940-ж. Москвага окууга жиберилген, бирок

С. Кийизбаева – Бат­терфляй. Ж. Пуччи­нини. «Чио-Чио-сан» операсы. 1953.

согуш кедерги болуп, 1947–49-ж. гана Москва консерваториясынан билимин өркүндөтүүгө мүм­күндүк алган. 1942-ж. В. Власов жетектеген бри­гада м-н фронт аралап концерт берген. 1943-ж. Татьянанын (П. Чайковский, «Евгений Онегин») ролун жогорку чеберчиликте аткарып, дасык­кан ырчы катары таанылган. 1956-жылдан М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында окутуу­чу, 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атн. КМИИде кафедра башчысы, проф., Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын директору (1963–65) бол­гон. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (2– 6-шайланышынын). Анын профессионалдык илгерилөөсүн Күлайым (М. Раухвергер, «Кө­күл»), Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, «Жаш жүрөктөр»), Лиза, Наталья (П. Чайковский, «Кар­ганын маткеси», «Опричник»), Наташа (А. Дар­гомыжский, «Суу периси»), Ярославна (А. Бо-


родин, «Князь Игорь»), Тамара (А. Рубинштейн, «Демон»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») ж. б. ролдордон көрүүгө болот. Баттерфляйдын пар­тиясын (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») 1953-ж. Москванын Чоң театрында орус тилинде атка­рышы К-ны союздук аренага тааныткан. К. муз. комедияларда да чебер ойногон. Буга Одарка­нын (С. Гулак-Артёмовский, «Дунайдын аркы өйүзүндөгү запорожьелик»), Гүлчахранын (У. Га­жибеков, «Аршин мал алан») жаркын образда­ры далил. К. чет элдик композиторлордун ыр­ларын, романстарын чебер аткаруучу катары да таанымал. Ал концерттик ишмердиги м-н кыр­гыз музыкасын жайылтууга зор салым кошкон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкек ш-ндагы көчөгө ысмы берилген.