КИЕВ
КИ́ЕВ – Украина Республикасынын борбору (1934-жылдан). Баатыр шаар. Киев облусунун адмминистративдик борбору. Днепр дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2008). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорттору (Борисполь, Жуляны) бар. Метрополитен (1960), шаардын борборунда 1905-жылдан фуниклёр иштейт. Орус жыл баяндамаларында алгач 860-жылдан эскерилет. Киевдин аймагындагы турак-жайлар соңку палеолит дооруна таандык. Шаардын аты аны негиздеген Кий деген адамдын ысмына байланыштуу деп болжошот. Киев чыгыш славяндык полян уруусунун борбору катары биздин замандын VI–VII кылымдарында негизделген. 882-жылдан (князь Олег ээлегенден кийин) 1132-жылга чейин Киев Русунун саясий, маданий жана соода борбору болгон. Кол өнөрчүлүгү, жазуусу, архитектурасы өнүгүп, XI кылымда София собору, Киев-Печёра лаврасы курулган. Киевди 1240-жылы декабрда моңгол-татарлар талкалап, Алтын Ордого баш ийдирген. 1362-жылы Литва улуу княздыгына караган. Люблин униясы боюнча (1569) Польшанын курамына өткөн.

Киев 1654-жылдан 1991-жылга чейин Россиянын (кийин СССР), курамында Киев округунун (1923–1930), Киев облусунун (1932–1934), Украин ССРинин (1934–1991) борбору болгон. Россияга кошулгандан кийин Киев воеводдугунун, 1708-жылдан Киев губерниясынын борбору. 1905–1907-жылдардагы революцияда, Октябрь революциясында Киев Украинадагы революциялык кыймылдын чордону болгон. Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылы 19-сентябрда Киевди немистик фашисттер басып алышкан, ал 1943-жылы 6-ноябрда бошотулган.
Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу (анын ичинде «Авиант» авиация заводу, станок, транспорт, так приборлор, электр-техникалык, радиоэлектроника жана башкалар), курулуш материалдар, металл иштетүү, химия, нефть-химия, фармацевтика, жеңил (жибек комбинаты, «Роза» трикотаж фабрикасы), полиграф, тамак-аш–татымал (нан, кондитер). Киев орус мамлекетинин маданий жана диний борбору болгондугунан архитектуралык курулуштарга бай. Эң белгилүү архитектуралык эстелиги – Киев-Печёра лаврасы. Ошондой эле Успение, София (XI кылым; коңгуроо мунарасы XVII–XIX кылымдар), Владимир (XIX кылым) соборлору, Алтын көпүрө (XI кылым), Выдубецкий монастыры (XI кылым), Спас (XI кылымдын аягы –XII кылымдын башы), Кирилловск (XII кылым), Андреевск (XVIII кылым) чиркөөлөрү сакталган. Киев-Фергана лаврасы менен София собору ансамбли Бүт күл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. 1947–1954-жылдары шаардын Крещатик көчөсүндөгү ансамбль (Улуу Ата Мекендик согушта талкаланган) калыбына келтирилген. 1960–1980-жылдары Русановка, Оболонь жана башка турак жай массивдери курулуп, көптөгөн эстеликтер (анын ичинде Богдан Хмельницкий, Т. Шевченко, А. С. Пушкин, Леся Украинка жана башкалар, белгисиз жоокердин бейитиндеги обелиск),

мемориалдык комплекс [«Улуу Ата Мекендик согуш (1941–1945) тарыхый улуттук музейи»] бар. Киевде Илимдер академиясы, 70ке жакын жогорку окуу жайлар (анын ичинде университет, консерватория), китепканалар, 15ке жакын театр (анын ичинде опера жана балет), 30га жакын музей (анын ичинде Т. Г. Шевченко адабий-көркөм, тарых, Украина сүрөт, орус, Батыш жана Чыгыш искусстволору, улуттук тиричилик жана архитектура, Киевдин тарыхы, элдик декорация искусствосу, адабият жана искусство архив-музейи, медицина тарыхы жана башкалар), филармония, А. В. Довженко атындагы киностудия (1928), стадион бар. Жылуулук электр борбору, гидроэлектр станциясы жана мамлекеттик райондук электр станциясы иштейт. Эл аралык музыка сынактары, кино фестивалдар өткөрүлүп турат. Украинадагы туризмдин (жылына 0,6 млн; анын ичиндн 0,2 млну чет өлкөлүктөр) эң ири борбору.
Ад.: Киев // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13, М., 2009.