КИДАЙШ-ПОКРОВСКАЯ
КИДА́ЙШ-ПОКРО́ВСКАЯ Нинель Викторовна (1926, Россия, Орёл ш.) – түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөчү. 1950-жылы Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы ММУнун филология факультетин бүтүргөн. 1954–58-жылдарда Н. К. Крупская атындагы Бүткүл союздук эл чыгармачылык үйүндө Орто Азия республикаларынын ж-а Казакстандын түрк тилдүү элдеринин фольклорун изилдеп, адабият тармагында эмгектенген. Эмгектери 1971-жылдан СССР ИАнын «Наука» басмасынан чыккан «СССР элдеринин эпостору» академиялык сериясынын томдорунда жарык көргөн. Кидайш-Покровская илимий котормодон тышкары тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык, фольклордук мүнөздөгү комментарийлердин автору. Ал «Манас» эпосунун 4 томун басып чыгарууга да катышкан.