КИБЕРНЕТИКА
КИБЕРНЕ́ТИКА (гр. kybern–tike – башкаруу өнөрү) – татаал башкаруу системаларында маалымат алуунун, сактоонун, берүүнүн ж-а өзгөртүүнүн жалпы закондору жөнүндөгү илим. Башкаруу системасы катары жалаң эле техникалык эмес, ар кандай биологиялык, административдик ж-а социалдык системалар да алынат. Өтө татаал башкаруу системаларына тирүү организмдердин (адам организмин) нерв системалары, адам коомундагы башкаруу аппараты мисал боло алат. «Кибернетика» терминин 1-жолу (байыркы гректерден кийин) 1834-жылы француздук окумуштуу Ампер адам коомун башкаруу жөнүндөгү илимдин классификациясын түзгөндө колдонгон. Амперден кийин бул термин бат эле унутулуп калган. Кийин илимге 1947-жылы Н. Винер киргизген. Ал теориялык (математикалык ж-а логикалык негизи ж-а философия маселелери), техникалык [башкаруу ж-а эсептөө түзүлүштөрүндө колдонулуучу тех. каражаттарды ойлоп табуу ж-а иштетүү (программалоо)], колдонмо (теориялык ж-а техникалык кибернетиканы өнөр жай, энергетика, транспорт, байланыш кызматтары ж. б. маселелерди чечүүдө колдонуу) болуп үч тармактан турат. Азыркы кибернетиканын өз алдынча илимий багыттарды элестеткен бир катар бөлүмдөрү бар. Кибернетиканын теориялык ядросун маалымат, алгоритмдер, автоматтар, операцияларды изилдөө, оптималдуу башкаруу, образдарды таанып-билүү теориялары түзөт. Кибернетика башкаруу системаларын ж-а акыл эмгегин автоматташтыруу үчүн система түзүүнүн жалпы принциптерин иштеп чыгат. Кибернетиканын маселелерин чечүүчү негизги техникалык каражат – ЭЭМ. Ошондуктан кибернетиканын өз алдынча илим катары пайда болуусу 20-кылымдын 40-жылдарында мындай машиналарды түзүү, ал эми кибернетиканын теориялык ж-а практикалык өнүгүшү электрондук эсептегич техника прогресси м-н байланыштуу. Технологиялык процесстерди автоматташтыруу маселесин чечүүгө багытталган илимдерди камтыган кибернетика техникалык кибернетика деп аталат. Технологияны башкаруу маселелери өндүрүштү уюштуруу ж-а экономикалык (пландаштыруу, керектүү материалдар м-н жабдуу, чыгарылган продукцияны өткөрүү, финансы операцияларын жүргүзүү ж. б.) башкаруу маселелери м-н түздөн түз байланыштуу. Бул маселелерди экономикалык кибернетика чечет.
Ад.: Винер Н. Кибернетика и общество. М., 2003.